Жаңылыктар
Эл жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиевдин 90 жылдыгы белгиленет
Маданият
Эл жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиевдин 90 жылдыгы белгиленет

Өкмөттүн 2018-жылдын 1-мартындагы №72 буйругунун негизинде, 2018-жылы өлкөрүлө турган юбилейлик иш-чаралардын тизмесине Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Шүкүрбек Бейшеналиевдин 90 жылдыгын улуттук маанидеги юбилейлик иш-чара катары өткөрүү белгиленген. Өлкө аймагы боюнча жазуучу тууралуу дилбаяндар жазылып, бир катар эскерүү кечелери өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө.


Шүкүрбек Бейшеналиев 1928-жылы 25-октябрда азыркы Ак-Талаа районундагы Куртка айылында туулган. КМУнун филология факультетин, СССР Жазуучулар союзунун алдындагы Жогорку адабий курсту аяктаган. 

Эмгек жолун Ак-Талаа районундагы мектепте мугалим болуп баштайт. Кийинчерээк улуттук илимдер академиясында илимий кызматкер, 1956—1959-жылдары «Жаш Ленинчи», «Ала-Тоо» журналдарынын, «Ленинчил жаш» гезитинин башкы редактору болуп эмгектенген.

Бейшеналиев драматург катары да белгилүү. Анын «Уядан учкандар», «Бойдоктор», «Кычан», «Тоо койнунда гүл», «Тоо ханышасы», «Дос», «Мейман», «Уста жана шакирттер», «Кайра жашарган өмүр», «Багынбас акын»,«Байымбет» пьесалары театрларда коюлган. Чыгармалары дүйнөнүн элүүдөн ашык тилине которулган. «Мүйүздүү козу» китеби Эл аралык Андерсен атындагы Ардак диплом менен сыйланган.

Шүкүрбек Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. Кыргыз Республикасынын адабият жана искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Х чакырылышынын депутаты болуп иштеген.