Жаңылыктар
Талас: бүтүрүүчүлөр бир үй бүлөнү ак өргөлүү кылышты
Кыргызстан жаңылыктары
Талас: бүтүрүүчүлөр бир үй бүлөнү ак өргөлүү кылышты

"Акыркы конгуроо" Талас облусунун бардык мектептеринде өттү. Бул күн мектепти жаңы аяктап жаткандар гана эмес, мурдагы бүтүрүүчүлөр үчүн да маанилүү. Алардын катарында Кара-Ой айылындагы мектепти 10 жыл мурун бүтүргөн жаштар да бар. Алар мааракелик шаан-шөкөткө караганда айылдашына жардам берүүнү туура көрүштү.


Кара-Ой айылындагы Мырзабековдордун үй-бүлөсү бүгүн минтип ак өргөлүү болуп жатышат. Өп-чап турмуштун айынан турак жай сала албаган үй-бүлө айылдык мектептин бир бурчунда жашап келишкен. Бүгүн алардын кыялдары орундалды. 


Гүлжан Мырзабекованын үй-бүлөсүнө кубаныч тартуулаган анын уулунун классташ балдары. Бүтүрчүлөр кеңешип, 10 жылдык мааракени шаан-шөкөт менен өткөрүүдөн баш тартышып, үйү жок классташына кайрымдуулук кылууну туура көрүшкөн. Караойлуктар жаштардын мындай кайрымдуулугуна ыраазы болуп жатышат. Жаңы өргөлүү болушкан үй-бүлөнүн атасы кезинде ооган согушуна катышкан. Кийин кайтыш болгон.