Жаңылыктар
"Акыркы коңгуроо" аземи Бишкекте тынч өттү
Кыргызстан жаңылыктары
 "Акыркы коңгуроо" аземи Бишкекте тынч өттү

"Акыркы коңгуроо" аземи Бишкекте тынч өттү. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугу менен коомдук тартипке көз салуу үчүн милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп, шаар көчөлөрүндө 500гө чукул кызматкер нөөмөттө турду. 

Мектептеги салтанаттан кийин тартип сакчылары атайын рейд өткөргөн. 

Түнкүсүн коомдук жайларда жүргөн бүтүрүүчүлөр милиция тарабынан ата-энелерине өткөрүлүп берилген. Белгилей кетсек, акыркы коңгуроо аземи ордо калаадагы 97 мектепте өттү.