Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! Өлкө аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлүүдө
Өзгөчө кырдаал
Шашылыш билдирүү! Өлкө аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлүүдө

28-31-май күндөрүндө күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жала-Абад жана Баткен областарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

27-майда күндүз, 28-майда жана 29-майда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт: 27-майда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы. 

28-майда жана 29-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, жайлоолордо жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-майда күндүз жана 28-майда 17-22 метрге жетиши күтүлөт.