Жаңылыктар
Өзбекстандын жараны башка паспорт менен кыргыз чек арасынан өтүүгө аракет кылды
Чек ара
Өзбекстандын жараны башка паспорт менен кыргыз чек арасынан өтүүгө аракет кылды

Өзбекстандын жараны башка паспорт менен кыргыз чек арасынан өтүүгө аракет кылды. 

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Өзбекстан менен Кыргызстан чектешкен «Аккыя авто жол» өткөрмө бекетинен 46 жаштагы өзбек жараны сиңдисинин документи менен Кыргызстанга өтүүгө аракет кылган. 

Сурак учурунда кармалган аял паспорт бир тууган сиңдисине таандык экенин мойнуна алган. Тиешелүү документтер алынгандан кийин кармалган жаран жергиликтүү милицияга өткөрүлүп берилди.