Жаңылыктар
Ысык-Көл облусундагы ат майданды курууда мыйзам бузуулар аныкталды
Коррупция
Ысык-Көл облусундагы ат майданды курууда мыйзам бузуулар аныкталды

Ысык-Көл облусундагы ат майданды курууда мыйзам бузуулар аныкталды. Улуттук коопсуздук кызматы эсептөө палатасы менен биргеликте, Ысык-Көл облусунун Бостери аймагына караштуу Бактуу-Дөлөнөтү айылында өткөрүлгөн, экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн ат майданды курууда, каражаттар максаттуу пайдаланылдыбы деп текшерүү жүргүзүүдө.

Текшерүүнүн алдын ала жыйынтыктары боюнча, объектини курууда подрядчик менен келишим долбоордук-сметалык документациясы жана мамлекеттик экспертизасы жок түзүлгөн. 

Жыйынтыгында курулушка кетүүчү чыгымдар башында белгиленген 480 миллион сомдон 1 млрд. 584 млн сомго чейин көтөрүлгөн. Ошондой эле курулуш иштеринин көлөмү 10 миллион сомдон ашык өлчөмдө, жасалма түрдө жогорулатылган. Ошол эле мезгилде 144 миллион сом каражаттын финансылык отчеттуулугу боюнча документациялары жок болуп чыкты. 

Республикалык сертификация борборунун сыноо лабораториясынын экспертизасына ылайык жолго төшөлгөн асфальт нормативдик талаптарга жооп бербейт жана эксплуатациялык мөөнөттүн аягына чейин чыдай албайт. Буга учурунда 31 млн 398 миң сом коротулган. Мындан сырткары 8 млн 244 миң сомго бааланып, темирден жасалган ферма долбоорго ылайык салынган эмес жана аны курууда курулуш эрежелери бузулган. Учурда тиешелүү текшерүү иш чаралары улантылып жатат жана аудит иштеринин жыйынтыгы менен материалдарга юридикалык баа берилет.