Жаңылыктар
Бишкекте отургузулган көчөттөр боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө
Коррупция
Бишкекте отургузулган көчөттөр боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө

Ордо калаада отургузулган ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Улуттук коопсуздук кызматынан билдиргендей, бекитилген бюджеттик пландын негизинде ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу максатында 2017-жылдын май айында 60 миллион сом каралган.

2017-жыл аралыгында «Арт Грин» ишканасы менен жалпы суммасы 18 615 980 сомго барабар 4 келишим түзүлгөн. Мисалы 2017-жылы 23-октябрда бул ишкана менен көчөттөрдүн айрым түрлөрүн 9090 сомдон сатып алууга макулдашылган. 

Мындан сырткары «АГТ Азия» ишканасы менен жалпы суммасы 9 млн сомго жакын эки келишим жана «Зиар Строй» ишканасы менен 14 млн 481 миң сомдук 6 келишим түзүлгөн. 

Учурда кылмыш ишинин алкагында тамырлары жабык системасы менен ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу фактысы боюнча аудит жүргүзүлүүдө. Тергөө иши дагы жүрүп жатат.