Жаңылыктар
Чет элдик жарандан акча талап кылган милиция кызматкерлери кармалды
Кылмыш
Чет элдик жарандан акча талап кылган милиция кызматкерлери кармалды

Маалыматка  ылайык, Түркмөнстандын  жаранын  уурдап, акча  талап кылган укук коргоо кызматкерлеринен турган топ кармалды.  Бул факты боюнча  Ички иштер министрлиги кызматтык териштирүу жүргүзүүдө. Ал арада  жарандык  коомдун  өкүлдөрү тартип сакчыларынын  мындай окуясы алгачкы эмес деп, аларды сынга алууда.

Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнүн эки  милиционерине  жана  Ички иштер министрлигинин  академиясынын   курсантына   чет элдик жаранды уурдап , акча талап кылган  факты  боюнча   кылмыш иши козголду.   Ички иштер министрлигинин  маалымат  кызматкери Эрнис Осмонбаевдин ырасташынча,  булар    Түркмөнстандын жаранын  опузалап,  2000 доллар талап кылган.  Андан соң  күч менен алып кетишкен.  Алар  чет элдик жаранды бир күн бою машинада, андан кийин жеке мейманканалардын биринде кармашкан. Булардын бардыгы  ошол конок үйдүн  видео камерасына жазылып калган. Учурда  бул окуя боюнча тергөө  иштери жүрүп жатат. 

Окуяга катышкандар   2013-жылы  кызматка алынган  милициянын  лейтенанттары.  Азыркы тапта аталган мекеме тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат  жана аларга катуу чара көрүлөрүн  Ички иштер министрлиги  билдирүүдө.  Бул факты  тартип  сакчыларынын  оор кылмышка катыштыгы бар  делгендердин  ачыкка   чыккан гана  учуру .  Мына ушундай  милиция  кызматкерлеринин  дарегине   даттануулар  жетиштүү экендигин жарандык коомдун өкүлү  Калича Умуралиева  айтат.

Бизге  мындай кайрылуулар көп эле түшөт. Мисалы, медициналык академиянын  Индиядан  келген   студенттери да арыз менен  келишкен.

Буга чейин мыйзам жана ички тартипти бузган бир нече кызматкер жазаланып, айрымдарына кылмыш иши козголгондугун ,  ошондой эле мындай фактылар боюнча документтер тиешелүу органдарга берилип жаткандыгын   ички иштер министри  айткан.  Албетте,   коомдук   тартипти көзөмөлдөй турган  кызматкерлердин мындай жоругу  алардын өздөрүнө болгон  элдин, эң башкысы,  Кыргызстанга чет өлкөдөн келгендерге ишенбөөчүлүктү  жаратат. Андыктан аларга катуу чара көрүлүшү зарыл дейт  генерал-майор Ашырбек Бакаев.

Өлкөдө Ички иштер  органдарынын  кызматкерлеринин жарандардан  опузалап, пара талап кылган  жана башка ушул сыяктуу  окуялары катталып келет. Бирок анын аягы эмне менен бүтөөрү тууралуу маалыматтар жокко эсе. Жогорудагы  окуя тууралуу да кандай чечим чыгат,  күтө туралы.

Биринчи радио