Жаңылыктар
Бүгүн Кыргызстанда чек арачылар күнү белгилеп жатат
Чек ара
Бүгүн Кыргызстанда чек арачылар күнү белгилеп жатат

Бүгүн Кыргызстанда чек арачылар күнүн белгилеп жатат. Бул күн 1999-жылы чек ара кызматынын макамын жогорулатуу жана анын ишин жакшыртуу максатында өкмөттүн токтому менен бекитилген. 

Ал эми бул датанын тандалышына 1918-жылы 28-майда элдик комиссарлар кеңеши тарабынан чек ара күзөтүнүн түзүлүшү себеп болгон. 

Өлкөнүн чек ара кызматы - мамлекеттик чек араны коргоо, кайтаруу, көзөмөлдөө, мамлекеттик чек ара тартиптерин бузууга, мамлекеттик суверенитетке жана аймактык бүтүндүүлүккө кол салууга каршы багытта иш алып барган жалгыз орган.