Жаңылыктар
Оор атлетика боюнча КР чемпионаты аяктады
Спорт
Оор атлетика боюнча КР чемпионаты аяктады

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2018-жылга болгон негизги эл аралык жана республикалык мелдештердин календарлык планына ылайык 21-майдан 23-майга чейин чоңдор арасында оор атлетика боюнча өлкө чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш учурдагы эл аралык эрежелер жана бекитилген салмактык категориялар боюнча өткөрүлдү.

Салмак категориялары:

Эркектер: 56 кг; 62 кг; 69 кг; 77 кг; 85 кг; 94 кг; 105 кг; +105 кг.
Айымдар: 48 кг; 53 кг; 58 кг; 63 кг; 69 кг; 75 кг; +75 кг.

Эки күнгө созулган чемпионатка жалпысынан 11 кошуундун намысын коргогон 88 спортчу катышты. Алардын ичинен 72 эркектер болсо айымдардын саны 16 адамды түздү. Катышуучулардын арасынан үч спортчу эл аралык даражадагы спорт чебери болсо, спорт чеберлердин саны он жети ал эми спорт чеберине талапкерлердин саны он сегиз спортчуну түздү.

2018-жылкы чемпионатта Дөөлөтбек уулу Сымбат, Урмат Сыргабаев, Александр Московцев, Вячаслав Шайнуров жана Татьяна Мельниченко КР спортунун чебери спорттук наамынын нормативин толтурушту.

Мелдеш Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды. Дирекциянын бюджетинен 28 миң сом каралган.