Жаңылыктар
Киргшелк айылында жүк ташуучу унаа жүктөлгөн чөбү менен кошо күйүп кетти
Кырсык
Киргшелк айылында жүк ташуучу унаа жүктөлгөн чөбү менен кошо күйүп кетти

Бишкек-Торугарт трассасында 27-майда кечки саат 18:00 чамасында, Ново-Покровка жана Киргшелк айылдарынын ортосундагы жол көзөмөл кызматынын постунун жанынан жүк ташып келаткан унаа өрттөнүп кеткен. 

Күбөлөрдүн айтымында, кырсык болгон жерге Ысык-Ата районунун өрткө каршы кызматы келген. Өрттүн чыгуу себептери белгисиз. Жабыркагандар жок.