Жаңылыктар
Алгачкы алты ай: ишеним жараткан кадамдар
Кыргызстан жаңылыктары
Алгачкы алты ай: ишеним жараткан кадамдар

Кыргыз Респбуликасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Президенттик алты жылдык мөөнөтүнүн алгачкы алты айы сапар карытты. Анын Президенттик тактыга отураары менен ар кандай күбүр-шыбыр кептерге чекит коюп, чечкиндүү кадамдарды жасай баштаганы эл ичинде жылуу маанай жаратты. Аалам жаңырткан куру убадалардан алыс болуп, реалдуу иштерди баштоо менен көпчүлүктүн көңүлүн бурду. 

Президент Сооронбай Жээнбековдун алыскы жана жакынкы кошуна мамлекеттер менен алака-катышты жөнгө салуу максаты натыйжалуу башталды. Кыргызстандыктарды эң биринчи Россия менен алака-катыш, кыргыз-казак чек арасындагы абал, тышкы саясаттагы айрыкча коңшу мамлекеттерменен мамиле кызыктырып турган эле. Президенттин Москва менен Минск сапарынын эң маанилүү бөлүгү анын Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу, чек арадагы кырдаалды талкуулаганы болгон. Мына ошентип чет өлкөлөр менен алака-катышты жөнгө салып, президенттиктин алгачкы айында эле Россия, Казакстан, Өзбекстанга жасалган сапарлары натыйжалуу болду.                                                                  

Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын апрелинде Түркия Республикасына расмий сапар менен болуп, бир тууган эки элдин ортосундагы карым-катыштын, өз ара кызматташуунун жагдайларын талкуулап келди. Президенттин сапарынын жыйынтыгы Кыргызстан менен Түркиянын тарых, маданият жана билим берүү тармагындагы кызыкчылыктарына негизделген эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн жана кеңейтүүнүн келечегин көрсөттү. Сапар Түркия Республикасы менен эң жогорку деңгээлдеги саясий диалогду, кыргыз-түрк кызматташтыгынын олуттуу маселелери боюнча пикир алмашууларды калыптандырууга, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө шарт түздү. Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков ишсапар менен Бельгиядагы Евробиримдик институтуна барып, өлкө үчүн натыйжалуу бир топ жолугушууларды өткөрдү. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"