Жаңылыктар
Балдар FM радиосунда «Акыл таймаш» интеллектуалдык оюну жыйынтыкталды
УТРК жаңылыктары
Балдар FM радиосунда «Акыл таймаш» интеллектуалдык оюну жыйынтыкталды

Балдар FM радиосунда Улуу залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90-жылдыгына карата өткөрүлгөн «Акыл таймаш» интеллектуалдык оюну жыйынтыкталды.

Бул таймашка Бишкек шаарынан 28 мектеп, ал эми Чүй облусунан 16 мектептин 6-классынын окуучулары катышып, акыл билимин сынашкан. Жыйынтыгында баш байге Чүй облусуна караштуу Токмок шаарынын №7 орто мектебинен жалан кыздардан түзүлгөн «Топ кыздар» тобуна ыйгарылды, ал эми биринчи оорунга Чүй облусуна караштуу О. Турсуматов атындагы Бер - Булак орто мектебинин «Бүчүр» тобу ээ болсо, Бишкек шаарындагы №78 метептин «Ак кеме» тобу жана ошондой эле Жайыл районуна караштуу Талды - Булак орто мектебинин «Ийгилик» тобу 2- орунду багындырып кетишти. Ошону менен катар 3-орунга Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун К. Жумагулов орто мектебинин «Жаш тилек» тобу ээ болушту.

Таймаштын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө өнөктөш болуп Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын баалуу китептери жана атайын даярдалган Диплом, Кубок тапшырылды.