Жаңылыктар
Мамлекеттик ипотекалык компания жаңы тизме кабыл алууну убактылуу токтотту
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик ипотекалык компания жаңы тизме кабыл алууну убактылуу токтотту

Мамлекеттик ипотекалык компания жаңы тизме кабыл алууну убактылуу токтотту. Ага каражаттын тартыштыгы себеп болууда. Бул максатта бюджеттен каралган 500 миллион сом кошумча ссуда боюнча токтомдун долбоору  азырынча өкмөттүн кароосунда турат.   2 жыл аралыгында компания 3 миллиард 400 миллион сомдук насыялоону ишке ашырып, натыйжада 3100дөн ашык үй- бүлөө турак жайлуу болгон.  

Ошол эле учурда документин ырастап койгон 2 миңдин айланасындагы жарандар насыялоону күтүп жатат. Бул маселеде эксперттер мамлекет “Арзан- турак жай” программасын колдоого алып, акысыз жер бөлүп, мыйзамдык жактан да жеңилдиктерди карабаса, жеке сектор менен атаандаштыкта уттуруп жатат деген пикирде.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"