Жаңылыктар
Москвада кыргыздар ачкан ресторандардын саны өсүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Москвада кыргыздар ачкан ресторандардын саны өсүүдө

Москвада акыркы жылдарда кыргыздар ачкан ресторандардын саны улам өсүүдө. Акыркы эле эки жылда онго жакын кыргыз ресторандары пайда болгон. Көп жылдан бери ал жакта акча табайын деп жүргөн мекендештерибиз качан кыргыз даамын сагынганда, чогулуп чер жазышат.

Бул аймакта кыргыз даамын сүйүүчүлөр бир гана кыргыз мигранттары эмес. Биздин чыгармачыл топ барган кезде, кеп болуп жаткан “Кел-Кел” ресторанында жергиликтүү орус улутундагы үй-бүлө туулган күн белгилеп жаткан экен. Айтымдарында, кыргыз куурдагы менен бешбармагы алардын сүйүктүү тамагына айланган.

Кыргыздын улуттук даамын жана маданиятын көрсөткөн көрүнүктүү ресторан ачсам деген тилек, ресторан кожойкесинин оюнда Кыргызстанда жашап жүргөндө эле бар болчу. Бирок каражаттын жоктугунан Москвага келип сатуучу болуп иштеп акча топтогон Шааркан айым, кайра эле ушул Орусиянын борбор калаасына кыргыз ресторанын ачып калды. Ушул тапта өзү менен кошо 20 мекендешин жумуш менен камсыз кылат. 

200 орундук кыргыз ресторанында ар апта сайын кыргызстандык мекендештердин үлпөт тойлору же, тушоо кесүү, жентек тойлору белгиленип келет. Бул биринчиден алыста жашаса дагы кыргыз улуттук каада-салттын унутта калбай турганын айтып турса, бир жагынан кыргыз ашканасынын бөтөн жерде даңазаланышына өбөлгө болот.