Жаңылыктар
Бажы кызматында ири коррупциялык схеманын бети ачылды
Экономика
Бажы кызматында ири коррупциялык схеманын бети ачылды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы мамлекетке 166 млн сом зыян алып келген дагы бир коррупциялык схеманын бетин ачты. Анын негизинде Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев камакка алынып, үйү тинтүүгө алынды. 

Айбашев Бажы биримдигинин бажы кодексин жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуу менен Кытайдан товар ташып келүүгө жол ачкан деп шектелүүдө. Бул хан сарай камакка алынган Нурбек Айбашевге таандык. Тиешелүү тармактын кызматкерлери тинтүү учурунда таң калганын жашыра алган жок. Чынында эле заңгыраган хан сарай кымбат баадагы эмерек, буюмга толгону көрүнүп турат. 

Мындан улам мамлекеттик кызматты аркалаган адам мынчалык байлыкка кандай жол аркылуу ээ болгон деген чоң суроо туулат. Тергөөнүн материалдарына караганда, 2015-жылы Нурбек Айбашевга байланышы бар “А” фирмасы башка фирма менен Кытайга тери ташуу тууралуу келишим түзгөн. Кийин Айбашев бажы мыйзамдарын бузуп казынага чыгым келтиргени ачыкка чыгып отурат.

Тергөө учурунда Нурбек Айбашев “А” фирмасы менен мурдатан сүйлөшүп алып, кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келгени аныкталган. Ага “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” айыбы угузулуп, убактылуу тергөөчү жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.