Жаңылыктар
Коомдук кеңештердин ишмердүүлүгү
Кыргызстан жаңылыктары
Коомдук кеңештердин ишмердүүлүгү

Учурда иштеп жаткан 36 мамлекеттик органдын сегизинин коомдук кеңештерине мүчөлөрдү тандоо боюнча сынак жарыяланган. Калган 28 министрлик менен мекемелерде иштеп жаткан коомдук кеңештер коомдогу тигил же бул маселе боюнча бийликке элдин үнүн жеткирип келүүдө. Коомдук кеңештер тууралуу мыйзамга ылайык талапкерлер быйыл экинчи чакырылышка тандалып жатат. Төрт жыл мурда мамлекеттик органдарда иштей баштаган коомдук кеңештер бийлик менен жарандардын ортосундагы байланышты бекемдеди. 

Алардын аракети менен министрлик, мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөр, мамлекеттик сатып алуулар боюнча маалыматтар жалпы эле мамлекеттик органдардагы мыйзам бузуулар, одоно кемчиликтер коомго ачыкталды. Коомдук кеңештер жарандык демилгелерди алдыга жылдырууда негизги күчкө ээ экени жана бул институт мамлекеттик башкаруунун ажырагыс бөлүгүнө айланганы айкын. 

Анын натыйжасында акырындык менен жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишеними жогорулап бара жатат. Коомдук кеңештер берген сунуштар эске алынып, коомдун демилгелери тиешелүү мекемелерге жеткирилүүдө. Мыйзамга ылайык Коомдук кеңештердин мүчөлөрү комиссия тарабынан сынактын негизинде тандалат. Коомдук кеңештердин курамына талапкерлер - жарандар, уюмдар тарабынан сунушталат жана өзүн-өзү көрсөтө алат. Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссияга арыз менен кайрылгандар азырынча аз болууда. 

Адистердин айтымында Коомдук кеңештердин ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыздоо үчүн жеке кызыкчылыгын койбогон тигил же бул тармактагы көйгөйдү жакшы билген, элдин үнүн мамлекеттик органдарга жеткире билген таза, дасыккан адистер келиши керек. “Мамлекеттик органдардагы Коомдук кеңештер тууралуу” мыйзам 2014-жылы кабыл алынган.