Жаңылыктар
Памирлик кыргыздардын маселеси каралууда
Кыргызстан жаңылыктары
Памирлик кыргыздардын маселеси каралууда

Тийиштүү документтер даяр болгон соң, Памир кыргыздарынан 5 үй-бүлө Чоң-Алай районунан бөлүнгөн 20 га жерге көчүрүлөт. Бирок азырынча Ооган жана Тажик бийликтери менен аларды көчүрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул боюнча Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси Бакыт Адылов журналистер менен болгон жолугушууда билдирди. 

Ал Ош облусунун аймагындагы миграциялык абалга жеринде күбө болуу үчүн иш сапарга чыккан. Абыловдун айтымында, ал памирлик кыргыздар үчүн бөлүнгөн аймакты жеринде көрүп абалы менен таанышкан. 

Андан сырткары, 2004-жылы Тажикистандан өткөрөлгөн Сары-Могол айылындагы этникалык кыргыздардын абалын да көргөн. Айтымында азыркы учурга чейин 6 миң 300 кайрылман кыргыз жарандыгын алган. Бирок аларга мамлекет тарабынан ушул күнгө чейин жер тилкеси же пенсия, балдар үчүн жөлөк пул берилбей келет.