Жаңылыктар
М.Абылгазиев: Балдардын онкогематология корпусунун курулушу аягына чыгарылат
Кыргызстан жаңылыктары
М.Абылгазиев: Балдардын онкогематология корпусунун курулушу аягына чыгарылат

Улуттук онкология жана гематология борборунда жүрүп жаткан балдардын онкогематология корпусунун курулушу аягына чыгарылат. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маселени талкуулаган жумушчу кеңешмеде билдирди. Жыл өткөн сайын шишик дартына кабылган балдардын саны өсүп жатканына байланыштуу борбордун курулушу өтө маанилүү. 

Мындан улам республикалык бюджеттин чама-чаркын эске алуу менен курулуш жумуштарын тездетип, корпусту куруп бүтүрүү керек. Өлкө үчүн калк саламаттыгы башкы орунда. Анын үстүнө шишик илдетине кабылган жарандардын саны жылына 3-4%га өсүп жатканда айрым объектинин курулушу токтотулбайт. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тескерисинче курулуш жумуштарын ыкчамдатуу керек экенин билдирди. Ошол эле учурда өкмөт башчы курулуш жумуштары боюнча долбоор бекитилбестен башталганы шалаакылык экенин белгилеп, маселени териштирилет деди. 

Ошол эле маалда Премьер-министр борборду өнүктүрүүгө багытталган максаттарды ишке ашырууга көмөктөшүүгө, анын ичинде зарыл болгон кошумча медициналык жабдууларды сатып алуу маселесин иштеп чыгууга даяр экенине ишендирип кетти. Эки линиялык тездеткичтерди сатып алууга Кумтөр ишканасы бөлгөн каражаттар жумшалат. Премьер-министр кол койгон буйрукка ылайык каражаттар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун колдонуусу үчүн которулат.

Жыйын соңунда Премьер-министр Архитектура, курулуш жана турак жай чарбасы мамлекеттик агенттигине бир айлык мөөнөттө киргизилген өзгөртүүлөр эске алынган балдардын онкогематология корпусунун курулушу боюнча долбоордук-сметалык иш кагаздарын сунуштоону тапшырды.