Жаңылыктар
Июнь айына карата аба ырайы
Кыргызстан жаңылыктары
Июнь айына карата аба ырайы

Июнь айында Кыргызстанда аба ырайынын айлык температурасы белгиленген нормадан 1 градус төмөн болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги "Биринчи радиого" билдирди. 

Маалыматка ылайык ай ичинде абанын температурасы кундуз 35 градуска чейин көтөрүлсө айрым күндөрү кескин төмөндөйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот. Адистер быйылкы жылы кардын кору жылдагыдан көп, ошол эле мезгилде күндүн мындай кескин ысып, ага жамгырдын коштолушу жаратылыш кырсыктарга алып келиши мүмкүн деген жүйөөнү келтиришүүдө.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Айсулуу Гайбулла кызы, "Биринчи радио"