Жаңылыктар
Футбол: бүгүн Азербайжан-Кыргызстан курамалары беттешет
Спорт
Футбол: бүгүн Азербайжан-Кыргызстан курамалары беттешет

Бүгүн футбол боюнча Кыргызстан менен Азербайжан курама командалары беттешет. Оюн Баку шаарындагы Олимпиадалык стадиондо өтүп, Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталат. Беттеш КТРКнын Спорт каналынан түз алып көрсөтүлөт. 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы буга чейин Мьянма жана Индия командаларын жеңип, биринчи жолу Азия чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алган. Чемпионат 2019-жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтөт.