Жаңылыктар
Караколдо ылдамдыгы секундасына 12 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды
Өзгөчө кырдаал
Караколдо ылдамдыгы секундасына 12 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды

Караколдо 28-майда ылдамдыгы секундасына 12 метрге жеткен шамал болуп, бир топ социалдык объектилер жана турак үйлөр жабыркаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 

Катуу шамалдан бир бала бакчанын кампасынын, 2 көп кабаттуу үйдүн, №1 орто мектептин чатыры жабыркаган. Мындан сырткары дагы бир катар социалдык объектинин жана 1 дүкөндүн чатыры учуп кеткен.