Жаңылыктар
Бишкек аскер гарнизонунун бир катар кызматкерлери жаңы турак жайлуу болушту
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек аскер гарнизонунун бир катар кызматкерлери жаңы турак жайлуу болушту

Бишкек аскер гарнизонунун бир катар кызматкерлери жаңы турак жайлуу болушту. Аскер кызматкерлерине социалдык колдоо программасынын негизинде курулган, 54 батирден турган көп кабаттуу үй бүгүн ишке берилип, жаңы үйдүн ачкычын тапшыруу аземине Президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Өлкө башчысы мекен сакчыларын куралдуу күчтөрүнүн 26 жылдыгы менен куттуктап, бүгүн жаңы турак жайдын ачылышына катышып жатканына кубанычта экенин билдирди. 

Ал аскер кызматкерлерине мамлекет мындан ары да кам көрөрүн белгилеп, буга чейин өлкө аймагы боюнча 2481 батирлүү 77 турак жайдын курулуш аяктаганын, учурда дагы 1250 батирлүү 22 үйдүн курулушу жүрүп жатканын билдирди. 

Армия мамлекеттин таянычы, өзөгү деп белгиледи президент. 9 кабаттуу үй Бишкек шаарынын 12-кичи районунда курулуп, жалпы 54 үй-бүлө жаңы батирлерге ээ болушту. Анын 18и үч бөлмөлүү, ал эми 36 батири эки бөлмөлүү.