Жаңылыктар
Премьер-министр Бишкектин көчөлөрүнүн оңдоо иштери менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Премьер-министр Бишкектин көчөлөрүнүн оңдоо иштери менен таанышты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектин көчөлөрүн реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Өкмөт башчы Чыңгыз Айтматов проспектиси жана Масалиев көчөсү менен кесилишкен жол тилкесин көрүп чыкты. Бүгүнкү күндө бул тилкедеги курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталды.

Аялдамаларга жана жол жээктерине асфальт төшөө, жол белгилерин чийүү жана орнотуу иштери жасалууда. «Бишкектин унаа жолдорун калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында Кытай өкмөтү тарабынан сунушталган гранттык каражаттын эсебинен, борбордун 23 көчөсү калыбына келтирилет. 

Премьер-министр шаардыктарга ыңгайсыздыктар жаралбашы үчүн бардык зарыл курулуш иштери өз мөөнөтүндө жыйынтыкталышы керектигин белгиледи. Мындан тышкары, «China Road and Bridge corporation» жалданма компаниясынын өкүлдөрү менен пикирлешип, кандай орчундуу маселелер бар экендигин талкуулады.