Жаңылыктар
УКМК тарабынан ири мыйзам бузуулар аныкталып, текшерүү иштери башталды
Коррупция
УКМК тарабынан ири мыйзам бузуулар аныкталып, текшерүү иштери башталды

Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Коррупцияга каршы күрөш кызматы Эсеп палатасы менен биргеликте үч ири фактыны таап чыкты. Натыйжада бюджеттик каражаттарды туура эмес жана максатсыз пайдалануу, курулуш иштеринин көлөмүн жасалма түрдө жогорулатуу боюнча жагдайлар аныкталып, текшерүү иштери башталды.


УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Эсеп палатасы менен биргеликте, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн Чолпон-Атага ат майдан курууда каражаттардын максаттуу пайдаланылышын иликтеп, бир нече мыйзам бузууларды аныктап чыкты.

Текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча объектини куруудагы подрядчыны тандоодо "Мамлекеттик сатып алуулар" менен "Шаар куруу жана архитектура" боюнча мыйзам ченемдери бузулган. Подрядчы менен келишим долбоорлоо-сметалык документациясыз, ошондой эле мамлекеттик экспертизасыз түзүлгөн.

Улуттук коопсуздук кызматы ошондой эле мамлекеттик тарых музейин калыбына келтирүү, тиешелүү каражаттарды алып келүүдө бюджеттик каражаттарды туура эмес жана максатсыз пайдалануу боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп келет. 2015-жылы Премьер-министрдин буйругу менен музейди реконструкциялоо иштери Түркия мамлекетинин жардамынын эсебинен аткарылсын деген тапшырма берилген. Бирок гранттык каражаттарды күтпөстөн, өкмөт тарабынан бюджеттин эсебинен музейдин курулушун бүткөрүү үчүн каражат издеп табуу боюнча бир нече чечим кабыл алынган.

Серепчилердин баамында эми козголгон иштер аягына чыгышы үчүн эл өзү, жарандык коом көзөмөлдөшү керек. Андыктан бүт резонанстуу коррупцияга тиешелүү иштер ачыкка чыгып, маалымат каражаттары жана коомчулук менен коррупцияны ооздуктоодо биргелешкен кадамдар болушу шарт.