Жаңылыктар
KAZ Minerals Bozymchak компаниясы төлөнбөй калган салыктарды кайтарат
Кыргызстан жаңылыктары
KAZ Minerals Bozymchak компаниясы төлөнбөй калган салыктарды кайтарат

KAZ Minerals Bozymchak компаниясы төлөнбөй калган салыктарды кайтарууга даяр. Бул тууралуу ишкананын башкы директору Ильяс Тулекеев билдирди. 

Ал соттук териштирүүлөргө даяр экенин айтты. 55 миллион сомду Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын аманаттык эсебине которуу макулдашылган. 

"Биз сүйлөшүүлөрдү жана салыктарды төлөөнү мыйзамдын алкагында аткарууга даябыз деп билдирди Ильс Тулекеев. Ошондой эле ал каражат кайтарылып берилген шартта, козголгон кылмыш иши токтотулушу керектигин билдирди. Компаниянын башкы директору соттук териштирүүлөрдөн кийин, аманаттык эсептеги акча компанияга же мамлекеттин пайдасына чечилиши керек экенин белгиледи.

Эске сала кетсек, былтыр декабрь айында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын тергөө башкармалыгы "коммерциялык жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Текшерүүнүн жүрүшүндө, KAZ Minerals Bozymchak компаниясы киреше салыгын жашырганы аныкталган.