Жаңылыктар
Милиция бөлүмүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыздын убалы кимге?
Кылмыш
Милиция бөлүмүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыздын убалы кимге?

Уурдалган кыздын мыкаачылык менен милиция бөлүмүндө көз жумушу коомчулукту селт эттирди. Кызды өлтүргөн тарапка киши өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголду. Буга жол бергени үчүн милиция жана жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлерине прокуратура кылмыш ишин ачты. Учурда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын ички иликтөө кызматы өзүнүн кызматтык териштирүүсүн жүргүзүүдө. 


Медициналык окуу жайды жаңыдан аяктап, август айына белгиленген үйлөнүү тоюн күтүп жаткан Бурулай бардык үмүт-тилектери менен чогуу кара жерге берилди. Жакындарынын айтуусунда, аны 27-май күнү түнкү саат 10дор чамасында дүкөнгө чыккан жеринен 30 жаштагы таанышы күч колдонуу менен ала качып кеткен.

Чүй облустук милициянын маалыматында, 27-майдын түнү Жайыл райондук милициясы, жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы менен бирге “Сосновка” постунан 29 жаштагы айдоочу башкарып бараткан “Subaru Outback” үлгүсүндөгү машинени кармайт. Андагы эки жүргүнчү - 30 жаштагы эркек жана 20 жаштагы кыз Жайыл райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.  Көз жумган кыздын жакындары анын өлүмүнө милиция жол берген деген пикирде.

Милиция кызматкерлерине карата Жайыл райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Ал эми Чүй облустук ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы өздүк териштирүүсүн жүргүзүүдө. Кызды уурдап, милиция бөлүмүндө мыкаачылык менен өлтүрдү деп шектелген киши азыр ооруканада. Ал буга чейин шаардагы №240 маршруттук таксини айдап келген.