Жаңылыктар
Борбор калаадагы айрым жолдордун сапатсыз оңдолуп жатканына тургундар нааразы
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаадагы айрым жолдордун сапатсыз оңдолуп жатканына тургундар нааразы

Элдик репортёр рубрикасы чечилбей жаткан маселелерди жана шалаакылык менен жасалган көрүнүштөрдү ашкерелеп жатат. Буга чейин биздин каналга Ак-Өргө конушунун Кырк Кыз көчөсүнүн жашоочусу салына элек жатып, бир жылга жетпей жыртылып калган жолдун абалын видеого тартып жөнөткөн. КТРК конуштун жашоочуларын түйшөлткөн көчөдөгү окуянын чоо-жайын иликтеп көрдү.


Жолдор оңдолуп эле жатат, бирок алардын сапатына көңүл бурган жан барбы? Мындай суроону бизге жергиликтүү тургун узаткан. Тасмадан жашоочунун жолчулардын жасаган жумушуна жаны кейигенин көрсөк болот.

Биринчи катмарынын жарылган жери жамалганына карабай жумуш толук кандуу жүрүп жатканы байкалбайт. Тургундар жол салуунун создугуп кеткенин айтып, сапаты жок салынды деген баа беришти. Мэрия өткөн жылы бул көчөнү асфальттоо боюнча тендер жарыялап, 22 миллион сомдук каражат менен “Ысык-Көл жол курулуш” ишканасы утуп чыккан. 


1 чакырым 200 метр аралыкты бир жылдан бери оңдой албай жаткан ишкана, акча толук берилбей жатат деген жүйөнү бетине кармады. Ал эми шаар бийлиги 70 пайыз акча бөлүнгөнүн жана аткаруучу ишкана жакшы иш алып барбай жатат деп билдирди. Атүгүл иштин кечеңдегенине эскертүү берилип, айып да салынган.