Жаңылыктар
Бишкекте “Кыргыз аялдарынын салттуу кийимдери” аттуу көргөзмө ачылды
Маданият
Бишкекте “Кыргыз аялдарынын салттуу кийимдери” аттуу көргөзмө ачылды

Бишкектеги М.Фрунзе атындагы мемориалдык музейде “Кыргыз аялдарынын салттуу кийимдери” аттуу көргөзмө ачылды. 

Анда “Кийиз дүйнө” коомдук фонду изилдеп, өлкөнүн бардык аймагынан чогулткан элечектин 13 түрү фото сүрөттөр менен көрсөтүлдү. 

Ошондой эле Талас облусунан келген энелер элечек ороонун ыкмасын үйрөтүштү. Көргөзмө бир жума бою өз көрүүчүлөрүн күтөт.