Чылым тартуу - жүрөк оорунун негизги себептеринин бири. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү билдиришти.
31-май -тамекисиз жашоонун дүйнөлүк күнү. Дарыгерлер билдиргендей, чылым чеккендер жүрөк-кан тамыр ооруларына башкаларга салыштырмалуу 4 эсе көбүрөк чалдыгышат.
Кыргызстанда тамекини коомдук жайларда тартууга тыюу салуу багытында мыйзамдар кабыл алынган.
Бирок алардын жашы жете электерге жеткиликтүүлүгү көзөмөлдөнбөй жатат, дешет адистер.