Жаңылыктар
УКМК Бишкекте отургузулган көчөттөр боюнча кылмыш ишин козгоду
Коррупция
УКМК Бишкекте отургузулган көчөттөр боюнча кылмыш ишин козгоду

Бишкек шаарында отургузулган көчөттөрдү сатып алуу боюнча “Жашылдандыруу чарбасы” мекемесинин кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексине ылайык, кылмыш иши козголду.

Учурда анын алкагында "Тамырлары жабык системасы менен ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу" фактысы боюнча аудит жүргүзүлүүдө. 

УКМК мэрия тарабынан ар бири 9 миң сомдон сатып алынган көчөттөр боюнча Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси менен кылмыш ишин козгоду. 2017-жылдын 23-октябрында "Арт Грин" компаниясы менен ар бири 9090 сомго бааланган көчөттөрдү алып келүү боюнча келишим түзүлгөн. Былтыркы жылдын бюджетинин бекитилген планына ылайык, май айында 60 миллион сомго көчөт сатып алуу каралган.
Белгилей кетсек, тогуз миң сомдон жогору суммага жалпы 1300 көчөт сатып алынып, жазында борбор калаанын түштүк тарабына отургузулган эле.