Июнь айынан тартып, "Достук-автожол" көзөмөл-өткөрүү жайында кошумча 16 паспорт текшерүүчү бөлүм ишке кирет. Бекет ЕАЭБдин каржылоосу менен Бажы биримдигинин талабына шайкеш келе тургандай болуп жаңыртылат.
Коррупциялык мүнөздөгү аракеттерди болтурбоо максатында мында кошумча видео-көзөмөл аппараттары орнотулат. Бул аракеттердин алгачкылары ишке аша баштады.
Жаңылоо аракеттери менен вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков жеринен таанышты.