Жаңылыктар
Кытай Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири
Экономика
Кытай Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири

Көп мамлекеттер менен алакага ээ Кытай Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири. Эки өлкөнүн байланышы кылымдар бою уланып, азыркы күндө тараптардын саясий, соода-экономикалык мамилеси жакшы нукка түштү. Анын мисалы катары биргелешкен ишканалардын ачылышын айтсак болот.

Өндүрүш ишканасын түптөөнү кытай тарап демилгелеп, завод бир жылга жетпеген убакытта курулган. Коңшу өлкөнүн инвесторун чийки затка бай мамлекет катары Кыргызстан кызыктырган. Ишеним артып келген ишкер жумуш ордун, салык жана башка жеңилдиктерди убада кылган.
Белгилей кетүүчү жагдай, иштетилген чийки заттын баары Кыргызстанда өндүрүлөт. Ал эми кафель түрү “Кыргызстанда жасалган” - деген ат менен коңшу Казакстан жана Тажикстанга сатыкка чыгууда.