Жаңылыктар
Он баланын энеси кароосуз калдыбы?
Кыргызстан жаңылыктары
Он баланын энеси кароосуз калдыбы?

"Дордой" базары тарапта эски унаада жашап келген 63 жаштагы апанын аянычтуу окуясы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты. Айрымдары күнөөнү балдарына койсо, кай бирлери кемчилик аялдын өзүндө да болушу мүмкүн деген ойлорду айтышууда.

Чындыгында, Алтын Отомбаева ата-энесинен эрте ажырап, өгөй эненин колунда чоңойгон. Жаш кезинен өзүнүн күчүнө таянып иш кылып жүрүп турмушка эрте бышкан. Алгач, Кара-Балтадагы килем чыгаруучу комбинатта,кийин кыргыз-казак чек арасында, андан соң мунай базасында оператор болуп эмгектенген. Кийинчерээк жолдошу каза болгондон кийин жалаң соода-сатык менен алектенүүгө өткөн.
Өзү төрөгөн беш баласы менен багып алган бешөөнү кошуп, он баланы өмүрлүк жары экөө чогуу чоңойткон. Балдарынын баары үй-жайлуу,орун-очок алган. Татынакай жыйырмага жакын небереси бар. Аларды багып үйдө отурганды каалабайм, андан көрө акча таап, өз алдымча жашаганым жакшы- дейт ал.