Жаңылыктар
Кочкордогу унаа кырсыктан 3 адам каза болду
Кырсык
Кочкордогу унаа кырсыктан 3 адам каза болду

30-майда Кочкор районунун Сары-Булак айылында 2 унаа катышкан кырсыктан 3 адам (2 эркек,1 аял) каза болуп, 6 адам оор жаракат алды.

ӨКМдин маалыматына караганда, кырсык саат 20:43 чамасында Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 250-чакырымында болгон. Кырсыкка «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаа (номуру S2525D) менен «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа (08KG216ASS) катышкан. Куткаруучулар жаракат алгандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабырлануучулардын аты-жөнү такталууда.