Жаңылыктар
Жалал-Абадда 1-июнда 1000 балага акысыз балмуздак таратылат
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда 1-июнда 1000 балага акысыз балмуздак таратылат

Жалал-Абад шаарында 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө арналган иш-чаралар башталды. Бул тууралуу шаардын мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, эртең Барпы драмалык театрынын алдындагы аянтта балдардын майрамына арналган масштабдуу иш-чаралар өткөрүлөт. Ошондой эле 1000 балага балмуздактар жана таттуулар таратылып, концерт уюштурулат. Ал эми «Токтогул» эс алуу багында «Кыргызстан — менин мекеним», «Ар дайым болсун күн», «Планета балдардын көз карашы менен» аталышындагы темада асфальтка сүрөт тартуу сынагы өтөт.

Шаар мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев белгилегендей, балдардын коопсуздугун сактоо боюнча көп иштер аткарылып, бул багытта атайын долбоорлор иштелип чыкты.

Жалал-Абад шаарында 25-майда башталган «Биздин балдар — өлкөнүн келечеги» аттуу бир айлык акция 25-июнда жыйынтыкталат.