“Биз тамекисиз жашоону тандайбыз!” Ушундай аталыштагы флешмоб Бишкектеги Жеңиш аянтында өтүүдө.
Анда тамеки жүрөк кан-тамыр ооруларынын негизги себепкери экени айтылып, жарандар же ден соолукту же чылымды өздөрү гана тандай алыша тургандыгы белгиленди.
Адистердин айтуусунда, тамеки тартуу саламаттыкка зыянын тийгизип, 80 пайыз өлүмдү эртелетет.
Иш-чарада жогорку окуу жайлардын студенттери тамекинин адам ден соолугуна зыяндуулугун бий менен көрсөтүп беришти.