Жаңылыктар
Базар-Коргондо экологиялык таза азыктардын дүкөнү ачылды
Экономика
Базар-Коргондо экологиялык таза азыктардын дүкөнү ачылды

Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагында экологиялык таза азыктардын дүкөнү ачылды. 

Анда жергиликтүү жашоочулар тарабынан токойдон табигый таза жол менен өндүрүлгөн жаңгак маңызы, козу карындын, алманын, ит мурундун жана башка бир нече мөмө-жемиштин кургатылган кагы таңгакталып, сатууга даярдалган. 

Экологиялык продукциялар азык-түлүк коопсуздугунун талаптарына толук жооп берет. Токой ичиндеги мөмө-жемиштерди өндүрүү атайын долбоордун алкагында аткарылган. 

Жергиликтүү элдин жашоо шартын жакшыртуу, жакырчылыкты жоюу жана табиятка зыян келтирбей киреше табууну үйрөтүү максатында, Германия эл аралык кызматаштык уюму жана "АгроЛид" коомдук бирикмесинин колдоосу аркылуу ишке ашууда.