Жаңылыктар
Түн жарымга чейин компьютер же телефонду тиктеп отуруу сергектикти начарлатат
Кыргызстан жаңылыктары
Түн жарымга чейин компьютер же телефонду тиктеп отуруу сергектикти начарлатат

Түн жарымга чейин компьютерди, планшетти же телефонду тиктеп отуруу уйкуну, организмдин суткалык нормасынын ыргагын буза турганын Гарвард университетинин окумуштуулары аныктап чыгышты. 

Изилдөөнүн жыйынтыгы "Physiological Reports" журналына жарыяланды. Эксперимент жүргүзгөндө окумуштуулар катышуучуларга уктаар алдында беш саат компьютерде отурууну жана гезит, китеп окууну сунушташкан. 

Изилдөөгө 22 жаштан 28 жашка чейинки жигиттер менен кыздар катышкан. Жыйынтыгында жарык чыгарган планшет менен компьютерлер уйкунун келүү ылдамдыгын азайтары аныкталып, катышуучулардын басымдуу бөлүгү эртең менен уйкусу канбай, кунт коюусу начарлаганын айтышкан. 

Окумуштуулар ошондой эле компьютер, планшет жана телефонду кечкисин көп тиктегенде адамдын сергекти начарлап, уйкусун көзөмөлдөй турчу мелатонин затынын иштелип чыгышына терс таасир берерин белгилешти.