Жаңылыктар
Паракорлорго катаал чара көрүлөт
Коррупция
Паракорлорго катаал чара көрүлөт

Өлкөнүн күч түзүмдөрүн коррупциядан тазалоо, мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси менен чыгашасын эсептеп, ошондой эле негизсиз токтотулган жана кыскартылган кылмыш иштерин кайра кароо жумуштары учурда масштабдуу түрдө жүрүп жатат. Жемкорлукка каршы күрөштү дал ушул укук коргоо органдарынан баштоо тапшырмасы Коопсуздук кеңешинин февраль айындагы жыйынында коюлуп, азыркы учурда анын алдын ала жыйынтыктары чыга баштады. Ал эми алдын ала жыйынтыктар- мамлекеттик мекемелерде жемкорлук чынында эле гүлдөп кеткенин айгинелеп турат.

Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарын коррупциядан тазалоо аракетинин башаты - Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйыны болуп калды. Президент анда күч түзүмдөрүндөгү паракорчулуктун деңгээлин так көрсөтүп, катуу сынга алган. Ар бир мекемеге тиешелүү тапшырмалар берилип, мамлекеттик кызматкерлердин декларациясынан тартып, жарандардын арыз даттанууларына чейин жумушту күчөтүү тапшырылган. 

"Коррупцияга малынгандарга өз элинин, мамлекетинин, ишинин кызыкчылыгын, кесиптештерин саткандар деп мамиле кылуу керек. Алардан тазалануубуз зарыл. Мамлекеттик органдарга кайрадан ишке орношууга эч кандай мүмкүнчүлүк калтырбашыбыз керек. Коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү күчөтөбүз. Мен укук коргоо, көзөмөл жана сот системаларын тазалоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүнү талап кылам", -  Сооронбай Жээнбеков, КР президенти.

Адистердин пикиринде, жемкорлукка каршы күрөш дал ушул укук коргоо органдарынан башталганы- туура тандалып алынган багыт болду. Эгер коррупция менен күрөшө турган орган өзү таза болбосо, жыйынтык жана ийгилик чыгараары мүмкүн эмес. 

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы акыркы үч айда аткарылган жумуштардын жыйынтыгын жарыялады. Чечимдеги тапшырмалардын бири- бардык мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинен күч түзүмдөрүндө кызмат өтөгөндөрдүн декларациясына текшерүү жүргүзүү болгон. Коопсуздук кеңешинин катчысы 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 48 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер декларация тапшырганын билдирди. 

Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент өзүнчө токтолуп, өзгөчө белгилеген маселе - экономикалык, кызматтык жана мамлекеттин мүлкүн ыйгарып алуу боюнча негизсиз кыскартылган жана токтотулган кылмыш иштерин кайра карап чыгуу болгон. Дамир Сагынбаевдин айтымында, өлкө башчысы бул иштерге тиешеси бар жактар- тергөөчү, прокурорлор жоопкерчиликсиз калбашы керек деген талапты койгон. 

Негизсиз токтотулган иштердин ичинде “Казминералз Бозумчак” компаниясына козголгон кылмыш иши да бар. Компания салыктан качкан, мамлекетке төлөнбөгөн каражат 299 млн сом деп эсептелген. Токтотулган кылмыш иши кайрадан жандандырылган соң, азыркы учурда “Казминералз” мамлекетке 55 млн сом төлөдү. Сагынбаевдин айтымында, анын соңу менен 6 ири компания 33 млн сомго эсептелген салык төлөмдөрүн төлөгөнүн билдирди. Коопсуздук кеңешинин катчысы акыркы кезде коомчулукта чуу жараткан коррупциялык иштер боюнча да маалымат берди. 

Күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылып, жазасыз калбашы керек деген турумду серепчилер да колдошот. Арийне, өлкөдөгү эки ыңкылаптын тең негизги себептери дал ушул жемкорлук болгонун эч ким тана албайт. 

Кыска аралыкта коррупциянын мына ушунча көлөмү калкып чыкканына коомчулук таң болуп отурат. Бишкек ЖЭБи, тарых музейи, Ысык-Көл ат майданы, Бишкектеги мыйзамсыз берилген жерлер, кымбат баадагы көчөттөр... Бул дагы толук тизме эмес. 

Коопсуздук кеңишинин чечимине ылайык, жарандардан келип түшкөн арыз кайрылуулар менен иштөө да күчөтүлгөн. Катчылык ушул кезге чейин 500гө жакын катты карап чыкты. Адистер коррупцияга каршы күрөш мына ушундай ыргак менен кетсе, жемкорлук жаатындагы абал кескин өзгөрөт деген ишенимде турушат.