Жаңылыктар
С.Исаков Бишкек жылуулук борборундагы иштер боюнча айыпталууда
Саясат
С.Исаков Бишкек жылуулук борборундагы иштер боюнча  айыпталууда

Ал арада өлкөдө коррупцияга байланыштуу чуулгандуу окуялар биринин артынан экинчиси ачыкка чыгууда. Баарынан дагы коомчулуктун көңүлүн Бишкектин Жылуулук электр борборун модернизациялоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыянын айланасындагы маселелер бурду. ЖЭБди оңдоо учурунда каражаттар максатсыз пайдаланылганы аныкталып, бул факты боюнча төрт кылмыш иши ачылып энергетика тармагындагы бир нече жетекчи камакка алынган. 29-май күнү бул иштин алкагында мурунку Премьер-министр Сапар Исаковго дагы айып тагылды. 

УКМК тарабынан мурунку Премьер-министр Сапар Исаковго айып тагылды. Ага ТЭЦти модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралган. Коопсуздук кызматынын расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, Исаков Бишкек ЖЭБдеги чуу боюнча коррупцияга шектелип жатат.

Кыштын чилдесинде Бишкек Жылуулук борборунда болгон авариянын кесепетин иликтөө үчүн Жогорку Кеңеште атайын депутаттык комиссия түзүлүп, үч айдан ашык иш жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында парламентте үч күнгө созулган талкуу жүрүп, депутаттар Сапар Исаковду сынга алышкан. 

Парламентте бир нече күнгө созулган талкууда суроолордун көбү Сапар Исаковго карата узатылды. Эл өкүлдөрүн “Бишкек ЖЭБин модернизациялаган ТВЕА компаниясы кандай негизде тандалып алынган?" деген суроо кызыктырды. Дал ушул маселеде президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Сапар Исаковдун дарегине дооматтар айтылды. Себеби Исаковдун бул багытта президентке жазган кызматтык катынан жана Кытайдын соода өкүлүн бир нече ирет кабыл алганынан депутаттар шек санашкан болчу. 

Иликтөөнүн жыйынтыгында депутаттар долбоордун баасы, келишим шарттары Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбейт деген бүтүмгө келишти. Ошону менен бирге чоң иштин техникалык экономикалык негиздемеси жок, шашылыш даярдалганы талкуунун өзөгүнө айланды. 

“Мага айып тагуу боюнча токтомду чынын айтсам толугу менен окуп чыга элекмин. Мен азыр ачуума чыдабай турам. Адегенде социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында Сапар Исаковдун атын тебелешти. Андан соң ушундай антураж түзүп, кылмышкер катары көрсөткүсү келип жатышат. Биз эми адвокаттар менен тыгыз иштеп, күнөөсүз экенибизди далилдейбиз. Бул таптакыр чектен чыгуу, мен нес болуп турам”, - Сапар Исаков.