Жаңылыктар
Башкы прокурор: "Коррупцияга байланыштуу иштер иликтенип, күнөлүүлөр жазаланат"
Коррупция
Башкы прокурор: "Коррупцияга байланыштуу иштер иликтенип, күнөлүүлөр жазаланат"

Мына ушул коррупцияга байланыштуу чуулгандуу иштерди иликтөө соңуна чыгарылат. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештеги жыйында билдирди. Мыйзамдуулуктун абалы талкууланган отурумда эл өкүлдөрү паракорлукка байланышкан маселелерди көп көтөрүштү. 

Башкы прокурордун парламентте берген отчёту 2017-жылдагы мыйзамдуулуктун абалына байланыштуу. Бирок Өткүрбек Жамшитовдун бул кызматка дайындалганына эки ай гана убакыт болду. Эл өкүлдөрүнүн көпчүлүк суроолору да былтыркы жылдагы эмес, соңку ачылган кылмыш иштерине тиешелүү. 

Башкы прокурор бул маселе көзөмөлдө болоорун айтып, кыска гана жооп кайтарды. Эл өкүлдөрү майда мамлекеттик органдарды, айыл өкмөттөрүн кайра-кайра текшерип тажатуунун ордуна жогорку кызмат адамдары аралашкан чуулгандуу иштерге көңүл буруу жемишин берет деген ишенимде.

Коопсуздук кеңешинин 8-февралда өткөн жыйынынан кийин коомчулуктун бүйүрүн кызыткан бир катар чуулгандуу кылмыш иштери ачыкталууда. Алардын бири ишканаларга кошумча нарк салыгын кайра кайрып берүүгө байланыштуу. Бир нече салыкчылар, ишкерлер камакка алынган. Каражатты мамлекеттин эсебине кайтарууга аракет көрүлүүдө. Аталган иш менен УКМК алектенип жатат. Ал эми башкы прокуратура көзөмөл жүргүзөт.

Депутаттар кирешесин жашырды делген “Kaz minerals” ишканасы, Бишкектин түштүк тарабындагы жерлердин жеке колго мыйзамсыз берилиши, бажы кызматкерлери аралашкан коррупция, жол куруудагы алешемдиктер, ишкерлердин тынчын алган негизсиз текшерүүлөр өңдүү көйгөйлөрдү көтөрүштү. Айтылган чуулгандуу иштер УКМК, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматтары тарабынан да иликтенүүдө. Башкы прокурор баардыгы көзөмөлдө экенин белгиледи. Эл өкүлдөрү Жамшитовдун кызматка жаңы гана дайындалганын эске алып, мурдагы башкы прокурордун 2017-жылдагы ишин “канааттандыраарлык эмес” деп тапты. Көзөмөл органдын жаңы жетекчисине болсо ишти алып барууга өлкө жетекчилиги тарабынан бардык шарттар түзүлүп жатканын, тарыхта калууга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтышты.