Жаңылыктар
Сазга батырган кумарканалардын аягы үзүлө элек
Кыргызстан жаңылыктары
Сазга батырган кумарканалардын аягы үзүлө элек

Мыйзамда тыюу салынганына карабай өлкөдө тымызын иштеп жаткан кумарканалардын аягы үзүлө элек. Алар көзөмөл органдардан из жазгырып, көмүскө иштөөнү өздөштүрүп, азгырылган жарандардын капчыгын кагуу менен алек. Мындан улам Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы кумар ойноочу жайларды таап чыгып, жоопкерчиликке тартууда.

Ош базары, аларманга толгон Фрунзе + соода жайы. Бул имараттын ичинде кумаркана бар деп эч кимдин оюна да кирбесе керек. 

Соода борбордон 30-май түнү оперативдүү кызматкерлер кумар оюнунун кызыгына кирген 20 чакты кишини кармаган. Аларды кармоо оңойго турган жок дешет оперативдүү кызматкерлер. Кумар оюнун уюштургандар улам орун которуп, кайсы күнү, кандай даректе чогулат из жазгырып келишкен.

Ал эми бул 11-май түнү Бишкектеги 2 кабаттуу имаратта болгон текшерүү. Келип түшкөн маалымат боюнча мыйзам бузган жарандардын артынан түшкөн оперативдүү кызматкерлер, оюн жүрүп жатат деп үстүнөн кирип барса, оюнчулар из жазгырып таптырбай кетишкен. 

 Жыл башынан бери Бишкек шаарында эле мыйзамсыз кумаркана ачкан 5 факты катталган. Арасынан эки иш сотко өтүп, калганы тергелип жатат. Адистер кумар ойноо кыргызстандыктар арасында өтүшүп кеткенин баса белгилеп, уюштуруучулар жаңы түрлөрүн ойлоп чыгып жатканын жашырган жок.

Кумаркана кыйыр формада мамлекетке да зыян алып келүүдө. Тактап айтканда өлкөнүн негизги ресурсу болгон каруу-күчкө толгон эр-азаматтарды азгырып, чөнтөгүн кагып, келечек жашоосуна терс таасирин тийгизет. Бул факты боюнча эркининен ажыратуу, же айыптар каралган. Бирок ага моюн сунбай мыйзам бузгандар токтой элек.