Жаңылыктар
А. Шадиевди камакка алуу боюнча сыртынан баш коргоо чарасы кабыл алынды
Кыргызстан жаңылыктары
А. Шадиевди камакка алуу боюнча сыртынан баш коргоо чарасы кабыл алынды

Бишкектеги Биринчи Май райондук соту мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди камакка алуу боюнча сыртынан баш коргоо чарасын кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди. 

Башкы прокуратура ага КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясына бөлүнгөн 2 млн 61 миң сомдун жок болуп кетишине байланыштуу, Кылмыш жаза кодексинин "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Каражат 2017-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык үчүн Жогорку Кеңештин бюджетинен которулган. 

Белгилей кетсек, учурда Аскарбек Шадиевдин кайсы жакта экени так белгилүү эмес. Буга чейин жардамчысы Шадиев жүрөгүнө операция жасатуу үчүн чет жакка чыгып кеткенин айтса, укук коргоо органдары мурдагы биринчи вице-премьер өлкө аймагынан чыккан жок деп ишендирүүдө. Шадиевдин үй мүлкү жана банктагы эсеби камакка алынган.