Жаңылыктар
Улуттук Гвардиядагы ок атуудан бир аскер каза болду
Кылмыш
Улуттук Гвардиядагы ок атуудан бир аскер каза болду

Улуттук гвардиянын күзөттө турган жоокерине кол салуу учурунда эки аскер кызматкерине ок атылып, бирөө каза болду. Аскер мекемесинен маалымдагандай, окуя болжол менен бүгүн таңкы саат төрттөр чамасында 714чү аскер бөлүгүндө орун алды.

1996-жылы туулган Аскар Мейилкул уулу күзөттө турган. Эки аскер кызматкери 1997-жылы туулган Азамат Асылбек уулу жана 1995-жылы туулган Матислам Марипов түнкүсүн мас абалында аскер бөлүгүнө келген.

Күзөттө турган Аскар Мейилкул уулу менен кайым айтышуу чыгып, ал мушташка айланып, күзөттө турган аскер - капысынан автоматтан ок чыгарган. Азамат Асылбек уулу ооруканадан көз жумду, Матислам Марипов учурда 4-чү шаардык оорукананын реанимациялык бөлүмүндө. Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы окуя болгон жерди изилдеп, күбө адамдарды суракка алууда.