Жаңылыктар
КТРКнын 60 жылдыгынын урматына борбордук аянтта 4 саат Манас айтылды
Маданият
КТРКнын 60 жылдыгынын урматына борбордук аянтта 4 саат Манас айтылды

КТРКнын 60 жылдыгына карата  “Маданият Тарых Тил” каналы Ала Тоо аянтында Манас айтуу иш-чарасын өткөрдү. Руханий иш-чарада көрүнүктүү манасчылар 4 саат бою “Манас” айтышты. “Манас” айтуу “Маданият Тарых.Тил” каналы аркылуу элге түз көрсөтүлдү.

Алгач, 150дөй улан-кыздар “Манастан” үзүндү айтышты. Андан соң көрүнүктүү манасчылар күпүлдөп “Манас” баянын башташты. Иш-чара КТРКнын курамындагы “Маданият. Тил. Тарых” каналынан калың журтка түз көрсөтүлүп турду.

Руханий иш-чара Коомдук Биринчи каналдын 60 жылдык мааракесине арналды. “Маданият. Тарых. Тил” каналынын продюсери Назира Аалы кызынын айтымында, бул 60 жылдыкка арналган иш-чаралардын алгачкысы. 

“Манас” эпосунун жаңырыгы өтүп бараткандардын көңүлүн бурду. Айрым көрүүчүлөр атайын келишкен. Иш-чарада “Манас” гана айтылбастан, Манастап ураан да чакырылды. Андан сырткары, элдик ырлар ырдалды.