Жаңылыктар
Өнөрлүү Нурмухаммед Россиянын балдар сынагына чакыруу алды
Кыргызстан жаңылыктары
Өнөрлүү Нурмухаммед Россиянын балдар сынагына чакыруу алды

Белгилүү Кытай актеру Брюс Линин ыкмаларын дал өзүндөй туурап, көпчүлүктү таң калтырган Жалал-Абаддык 8 жаштагы Нурмухаммед Ташмаматов, Россия 1 каналынын жаш таланттар сынагына чакыруу алды.


Эске салсак, кичинекей мекендешибиз буга чейин Москванын биринчи каналындагы Максим Галкиндин “Лучше всех” теледолбооруна катышып, Брюс Линин ыкмасын шамдагайлык менен аткарып, өлкөбүздүн атын көпкө тааныткан. 


8 жаштагы Нурмухаммед басса турса көнүгүүлөрдү жасап, шамдагайлыгын арттырып, спорт менен машыгып келет. Каратэнин шотокан түрү менен алектенгенине 4 жыл болду. Аракетинин үзүрү облустук, республикалык мелдештерде байкалып, жеңүүчүсү болгон учурлары көп.

Кичинекей болсо да белгилүү киноактер, кытай согуш искусствосунун чебери Брюс Линин талантына кызыгып, ыкмаларын өздөштүрүп алган Нурмухаммед, кумиринин мекенин көргөнү Кытайга барууну эңсейт.


Нурмухаммед өжөрлүгү менен өздөштүргөн талантын жакында Россия 1 каналы аркылуу калың элге тартуулаганы турат. Анткени ал жаш таланттардын “Синяя птица” аттуу теледолбооруна чакыруу алган. Асылбектин уулунан үмүтү чоң. Келечекте бир гана Кыргызстандын эмес, улуу Кытай элинин да сыймыгы болсо деп тилек кылат.