Жаңылыктар
Коомчулуктун талкуусуна калган, чуулгандуу видеонун чоо-жайы
Кыргызстан жаңылыктары
Коомчулуктун талкуусуна калган, чуулгандуу видеонун чоо-жайы

Эки күндөн бери интернет баракчаларында Лексус 570 автоунаасы жол көзөмөлдөө кызматкерин жөөлөп айдаган видео тарап, ар кандай пикирдеги талкуулар жүрүп жатат. Окуя 31-майда Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев көчөсү менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде болгон. Натыйжада эч ким жабыр тарткан эмес. Окуя кандай болгон?

Интернет айдыңына тараган бул видео 31-май күнү эртең мененки саат 10:40тар чамасында, Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев көчөсү менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде болгон. 

Анда жол көзөмөлдөө кызматкери Лексус 570 үлгүсүндөгү жол тандабастын алдын тосууга аракет кылганына карабай, автоунаа аны бир нече метрге чейин жөөлөп баратканын көрүүгө болот.

Чуулгандуу тасмадагы каарман Эмилбек Нарбеков, Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгында иштейт. 10 жылдык тажрыйбасы бар инспектор, 31-майда дагы күндөгүдөй эле жумушка чыккан болчу.

Тескөөчүнүн айтымында айдоочу коопсуздук курун тагынбай бараткан учурда токтотулган. Негизинде жол эрежесине баш ийбеген айдоочуну кандай жол менен болсо да токтотуп, айыпка тартуу, ар бир жол инспекторунун милдети. Ошого карабай, жол көзөмөлдөө кызматы тарабынан кошумча иликтөө жүргүзүлөт.