Жаңылыктар
Премьер-министр Дүйшөмбүдөгү КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышты
Саясат
Премьер-министр  Дүйшөмбүдөгү КМШ өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйшөмбү шаарында көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. 

Жыйында КМШнын алкагында экономикалык, гуманитардык жана башка багыттагы кызматташуунун олуттуу жагдайлары талкууланды. Уюмга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери бир катар документтерге кол коюшту. 



КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин бул жолку отурумунун күн тартибинде ондон ашык олуттуу маселе бар. Негизги маселелерди талкуулаганы чогулгуча уюмга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери Эмомали Рахмондун кабыл алуусунда болушту. 


Тажикстандын президенти өкмөт башчылар менен отурумдун күн тартибине камтылган маселелерди талкуулады, Рахмон өкмөт башчылардын кенешинин кезектеги жыйынынын ишине ийгилик каалады.

КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин күн тартибиндеги маселелер адегенде тар чөйрөдө талкууланып ашыкча талкуу жаратпаган соң, кеңейтилген курамга чогулган тараптар дароо документтерге кол коюуга өтүштү.