Жаңылыктар
Мамлекеттин казынасына 31 миллиард сом салык төлөмү түштү
Экономика
Мамлекеттин казынасына 31 миллиард сом салык төлөмү түштү

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, быйыл 2017-жылдын май айына салыштырмалуу 3 миллиард 28,1 миллион сомго көп топтолгону айтылат. 

Бул былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 11 пайызга жогору. Алдын ала маалымат боюнча, 2018-жылдын январь-май айларында Мамлекеттик салык кызматы 30 миллиард 819 миллион сом өлчөмүндөгү салык жана төлөмдөрдү чогултту. Коюлган план 101,6 пайызга аткарылды. Тагыраагы 474,5 миллион сом ашыгы менен жыйналды.